БШК Текебаев үчүн чогултулган 38 миң кол тамганын баарын жараксыз деп табуу чечимин кабыл алды

Бүгүн, 17-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер кылып каттоо үчүн топтолгон 38 миңден ашуун кол тамгаларды жараксыз деп тапты.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдиргендей, жумушчу топтун чечими менен бул чогултулган колдор анык эмес деп табылган. Бул чечимди БШКнын 9 мүчөсү колдоп, бирөөсү каршы болду. "Мыйзамга ылайык, кол топтоодогу чыгымдардын бардыгы шайлоо фондунан жүргүзүлүшү керек болчу. Бул боюнча чечимди кечээ кабыл алышыбыз керек эле. Атайын талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан маселеге түшүнүк киргизсин деп эскертүү бергенбиз. 7-августтан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын жумушчу тобу талапкердин штабына кат жазган, жооп беришкен эмес. Суралган документтер, келишимдер көрсөтүлүп берилбеген үчүн ушундай чечим кабыл алынды. Мыйзамда каралгандай, чогултулган кол тамгаларды 10 күн аралыгында карап чыгуу керек", - деди Бекматов.

Айта кетсек, Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары аны талапкер кылып каттоо үчүн 38 миң 642 жарандын колун топтоп тапшырган. Мыйзамга ылайык, талапкер 30 миңден ашуун кол топтоо шартын аткарышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
RusMos76
2017-08-17 21:14:17
Эх ХХХХ бийлик тажатты, Омуке СДПКдан болгондо бар беле...
+4
toktor89
2017-08-17 21:51:47
Сасыды баары
+3
komn47
2017-08-17 22:51:57
чыныгы шайлоо болсо азыр Текебаев 70-80пайыз добуш алат эл ажыратып калды ак караны
+5
AykaMer
2017-08-17 23:52:01
Баардыгы Текебаевди колдоп,кубаттап турса да озунукун бербеген кандай немелер булар ай..?! Жумурткадан кыр издеп аябай тажатышты го...
+4
muslim87
2017-08-18 00:44:54
Мыйзамда каралгандай деп сүйлөп коюшкандарына жол болсун тимеле баарын мыйзам менен кылып атышкансып. Булар ошондо 38000 миң адамдын укугун тебелешти бүгүн.
+4
KG.Kushtarbek
2017-08-18 02:33:47
Ажода кучтуукен
0
Cekech
2017-08-18 07:17:10
Мен чынында, Текебаевти соттогондон кийин тонкорулуш болуп кетеби деп чоочуладым эле,бирок...жок,эл баягыдай эле тынч, баары оз оокаты мн алек. Демек,текенин колдоочулары саналуу кана тура. Ушу текени бирин экин колдогондорго сураныч,элдин атынан суйлобогулочу, 25жыл журду,эмне кылып жыргатты? Туурадан чыгып эле тетири суйлогону болбосо,андай киши уйдо да жыргатпайт. Эми буюрса текеге мородерлук статьясы мойнуна илинет, коросунор аз кундун ичинде. Так что,эч кандай тонкорулуш болбойт.
+3
basyz-kaman
2017-08-18 08:05:47
Текебаевди тил сынагына катыштырып туруп, эми чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп табышты. Эртең шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып ошону менен Текебаевден биротоло кутулганы калышты...
+1
Dinakg
2017-08-18 10:37:54
Бийликтеги айрым адамдар уялбайт экен да?
0
Muratmipa
2017-08-18 16:43:02
Шайлоо давно чечилген сооронбай ажо бабанов пример болот мени айткан эле дейсинер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан