Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясы жана "Заноза" сайты президенттин аброюна шек келтиргени үчүн 13 миллион сом моралдык чыгым төлөсүн" деген Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG`ге "Заноза" сайтынын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып билдирди.
"Октябрь райондук соту моралдык чыгым катары "Заноза" сайтынан 3 миллион сом, "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновадан 10 миллион сом моралдык чыгым өндүрүлсүн" деген Октябрь райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылганбыз. Бирок бүгүн шаардык соттон райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылсын деп чечим чыгарылды", - дейт Нарын Айып.
Айта кетсек, буга чейин 4-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту кыйраган боинг учагындагы жүк президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык деп айткан "Ата Мекендин" юристтерин 10 миллион сомго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыккан.