Өмүрбек Текебаевдин юристтери Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин үстүнөн сотко кайрылышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG`ге "Ата Мекен" партиясынын юристи Канатбек Азиз билдирди.
Анын айтымында, юристтер Бишкектеги райондор аралык сотко БШКнын 17-августтагы "Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн топтогон кол тамгалары жараксыз" деп тапкан чечимин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп кайрылышты.
"БШК "Текебаевдин шайлоо фондунда акчасы жок экен, кол чогултуп иштеген адамдарга акча бербептир" деп ошондон улам чогултулган 30 миңден ашуун жарандын кол тамгаларын жараксыз деп таап жатат. Мыйзамда мындай себептер менен талапкерликке каттабай коюу каралган эмес. Анын үстүнө Текебаевдин өкүлү менен кол тамгаларды чогулткан адамдардын ортосунда кагаз жүзүндө келишим болгон", - дейт Канатбек Азиз.
Эскерте кетсек, 17-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн топтогон 38 миңден ашуун жарандын кол тамгаларын жараксыз деп тапкан.