“Айчүрөк” борбордук дүкөнүнө бомба коюлганы айтылып, анын ичиндеги кардарлар жана соодагерлер милиция кызматкерлери тарабынан сыртка чыгарылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 20-августта шаар тургуну Мелис Маматкулов билдирди.
Учурда имарат курчалып, тинтүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы учурда бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек. Ал эми "102" кызматы жана нөөмөт бөлүмү комментарий берүүдөн баш тартышты.
Милиция кызматкерлеринин бири "102" кызматына саат 12:00дөр чамасында аталган борборго бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.