Бомба коюлган делген Бишкектеги “Айчүрөк” борбордук дүкөнү милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, соодагерлер жана кардарлар имараттан чыгарылышкан. Имаратта сапёрлор үйрөтүлгөн иттер менен жарылуучу затты 3 сааттай издешти.
Бомба табылбай, сапёрлор борбордон чыгып кетишсе да, соода борборго эч ким киргизиле элек.
Эскерте кетсек, бүгүн, 20-августта "102" кызматына саат 12:00дөр чамасында аталган борборго бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү маалым болгон.