Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы күнүндө Кыргыз балбандар медалга илинген жок

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы күнүндө Кыргыз балбандар медаль жеңгенге үлгүргөн жок.

Мелдештин алгачкы күнү грек-рим күрөшү боюнча 4 салмак ченинде беттештер өткөн. 75 килограммга чейинки салмак ченинде Кайратбек Түгөлбаев алгачкы беттешинде египеттик балбанды жеңип, кийинки беттеште венгриялык спортчуга жеңилип калды.

Нургазы Асангулов 71 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, колумбиялык жана АКШлык балбандарды жеңген, бирок чейрек финалда казакстандык балбанга жеңилип калды. Ал эми биринчи көңүл жубатуучу кармашта орусиялык Адам Куракка туш келип, жеңилди.

Азат Бейшебеков 85 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, биринчи беттеште түркиялык Метехан Басакка жеңилип калды. Түркиялык балбан финалга чейин барганы үчүн Азат Бейшебеков да көңүл жубатуучу кармашка катышканга мүмкүнчүлүк алды. Анда ал беларустук Жавид Хамзатауга туш келип 3:1 эсеби менен жеңишке жеткен. Кийинки беттешинде болгариялык Николай Николаев менен күрөшүп жеңилип калган.

Үзүр Жусупбеков 98 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште орусиялык Муса Евлоевге жеңилип калды. Көңүл жубатуучу кармашка чыгып Жусупбеков венгриялык балбанга утулду.

Бүгүн, 22-августта грек-рим күрөшү боюнча дагы 4 салмак ченинде беттештер өткөрүлөт. Анда 130 килограммга чейинки салмак ченинде Мурат Рамонов, 80 килограммга чейинки салмак ченинде Самат Шырдаков, 66 килограммга чейинки салмак ченинде Жанат Кыйлыбаев жана 59 килограммга чейинки салмак ченинде Каныбек Жолчубеков килем үстүнө чыгышат.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан