Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Каныбек Жолчубеков жарым финалда япониялык спортчуга жеңилип калды

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков жарым финалда япониялык спортчуга жеңилип калды.

59 килограммга чейинки салмак ченинде Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшүнүн жарым финалдык беттешинде япониялык Кеничиро Фуматага жеңилип калды. Беттештин 1-бөлүгүндө эки спортчу тең бирден упайга ээ болушкан. 2-бөлүктө Кеничиро Фумата өз пайдасына 1 упай алып жеңүүчү болду.

Буга чейин Каныбек Жолчубеков чейрек финалдык беттеште 3:2 эсеби менен азербайжандык Талех Маммадовду жеңген. Анда азербайжандык спортчу беттештин алгачкы мүнөттөрүндө 2 упайга ээ болгон, ага жооп катары Каныбек Жолчубеков атаандашынын артына өтүп 2 упай алган. Беттештин 2-бөлүгүндө Кыргыз балбан 1 упайга ээ болуп жеңишке жеткен.

Самат Шырдаков 80 килограммга чейинки салмак чениндеги жарым чейрек финалында австриялык Михаел Вагнер менен күрөшүп жеңилүү ызасын тарткан. Беттештин жүрүшүндө Кыргыз балбаны 2:1 эсеби менен жеңип келе жаткан. Бирок акыркы 30 секундда Михаел Вагнер 1 упайга ээ болуп, акыркы болуп упай алганы үчүн жеңип кеткен. Самат Шырдаков буга чейин, 1/16 финалында украиналык Дмитро Пышковдун үстүнөн жеңишке жеткен.

Маалымдай кетсек, 130 килограммга чейинки салмак ченинде Мурат Рамонов ирандык Шахаб Гуреджилиден жеңип калса, 66 килограмм салмак ченинде Жанат Кыйлыбаев украиналык Денис Демьянковго жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tansuluu09
2017-08-23 01:33:03
Женилгенди жер которот.))
Бирде жигит тоо минет, бирде жигит жоо журот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан