Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы беттешинде Айсулуу Тыныбекова жарым финалда тунистик балбан менен күрөшүп 8:7 эсебинде жеңилип калды.
59 килограмм салмак чениндеги мелдештин жарым финалында Айсулуу Тыныбекова тунистик Марва Амриге туш келген. 1-бөлүктүн жыйынтыгында Кыргыз балбаны 0:2 эсебинде жеңилип калган. Ал эми 2-бөлүктө Айсулуу Тыныбекова 6 упай топтоп, 6:4 эсеби менен жеңип келе жаткан. Бирок беттештин акыркы 1 мүнөтүндө Марва Амри 4 упайлык чабуул жасап эсепти 6:8ге айлантты. Күрөштүн акыркы 10 секундасында Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү болгонго аракет жасаган, бирок 1 упайга гана ээ болуп атаандашы финалга жолдомо алды.
Эми Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн украиналык Ирина Харив жана кытайлык Нингнинг Ронг экөөнүн беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайону, жарым чейрек финалда германиялык Лаура Мертензди жеңип алган.
Ал эми 75 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызын жеңип алган беларусь спортчусу Василиса Марзалюк финалга чыкканынан улам Кыргыз балбаны коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттеште күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды.
Айта кетсек, Айпери Медет кызы жарым чейрек финалда беларусь спортчусу Василиса Марзалюк менен кез келген. Беттештин жыйынтыгында Василиса Марзалюк Айпери Медет кызына мүмкүнчүлүк бербей 6:0 эсеби менен жеңип кеткен. Кыргыз балбаны буга чейин кореялык Намжу Хё менен күрөшүп 3:0 эсеби жеңишке жеткен.
Назира Марсбек кызы 55 килограммга чейинки салмак ченинде казакстандык Марина Седневага туш келген. Анда Казак спортчусу 12:1 эсеби менен Назира Марсбек кызын жеңип алган.