Бишкектеги көчөлөргө пальма майы төгүлүп, бир канча унаа кырсыкка кабылды

Бишкектеги көчөлөргө пальма майы төгүлүп, бир канча унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн түштөн кийин болгон.

"Айдоочу Аламүдүн 1 кичи району тараптан ЗИЛ унаасына пальма майын жүктөп жолго чыккан. Бирок май куюлган челек тешилип калган. Мындан улам пальма майы Шабдан баатыр, Анкара, Медеров, Юнусалиев, Койбагаров, Жукеев Пудовкин, Байтик баатыр, Түштүк магистралы көчөлөрүнө төгүлгөн. Анын кесепетинен бир канча унаа жол кырсыгына кабылган. Азыркы тапта алардын саны такталууда. Ал эми ЗИЛдин айдоочусуна протокол түзүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Syn4y
2017-08-23 19:16:34
Байкабай кете бериппи. ХХХХ окшойт
+8
aerforce
2017-08-23 19:19:04
Шордуу эми шорун катат
+2
Take_men
2017-08-23 19:38:53
Пудовкинада машиналар тайып жатканын коруп суубу же майбы деп ойлоп койдум эле.. муздагыдай эле тайып атышкан
+3
KUBI
2017-08-23 20:10:45
Эртереек тактагылачы канча машина экен.
+3
admin_superstan
2017-08-24 10:23:52
KUBI, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, такталууда.
0
arlekino
2017-08-23 20:30:39
Пальма майы эн томонку сапаттуу май деп саналат. Суу майдын оордуна сатыка коп чыгарышат же аралашмаларга кошулат. Эх жон эле оздон чыккан сафлор,жугору, зыгыр майы мн илгеркиче пайдалансак оашыкча оорулардан оолак болот элек. Бир билээрмандын бизнеси да. Замандын бузулганы.
+11
Rusi79
2017-08-23 21:10:56
arlekino,эн туура соз бул пальма майы коп олколордо тыюу салынган а биздин чондорго ыйман берсин
+5
meniuk
2017-08-24 15:57:34
arlekino,зыяны ото коп деп окугам пальма майынын
0
raykray
2017-08-23 20:35:45
Пальма майы балакеттин баарын чакырат рак жб. Азыр сатып жеген сливоч.масло сыр иши кылса баарына кошушат(((
+7
Rusi79
2017-08-23 21:13:58
Админ сураныч эмне учун ушул зыяндуу май бизде тыюу салынган эмес ушул суроону керектуу мекемеге жеткирсениздер элибиз учун
+15
admin_superstan
2017-08-24 10:25:00
Rusi79, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
muku79
2017-08-23 23:02:46
Мен дагы аз жерден калдым, бир унааны сузуп алайын деп
+1
myrzaym
2017-08-23 23:06:15
кадимки тамак жасачу суу майга да кошулат бекен?
+2
Nibiru.
2017-08-24 01:32:06
Кузгудон корунуш керек эле го. А бирок Кыргызстанда кузгуну караганды деле билишпейт. Кузгу эмес, элементарный жол эрежелерин билишпейт анан. Мен аны эстен чыгарып койгон турбаймынбы. Мына эми толоп жата бер. Атан менен тен зилинди сатсан да жетпейт.
-4
admin_superstan
2017-08-24 10:26:04
Aitunuk, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Rifle_I
2017-08-24 19:04:25
Жолду майлап берген турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан