Сапар Исаков: "Шайлоодо эч кимге чуркабайбыз"

"Президенттик шайлоодо эч кимге чуркабайбыз" деп бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков депутаттарга убада берди.

"Биз технократтар өкмөтү болобуз. Саясий оюндарга кирбейбиз. Максатыбыз такыр башка", - деди Исаков.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев өзү келерки шайлоодо президенттикке талапкер экенин эскертти. "Эгер кайсы бир министр шайлоодо кимдир бирөөгө чуркаса, арыз жазып кызматтан кетсин. Өз убагында губернаторлор, акимдер шайлоодо саясий оюндарга катышчу, бул жакшы бүткөн эмес", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан