Дмитрий Медведев Сапар Исаковду премьер-министр болушу менен куттуктады

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын премьер-министр болушу менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта аталган өлкөнүн өкмөтүнүн сайтында жарыяланды.

Телеграммада Орусия менен Кыргыз мамлекетин достук, өнөктөштүк жана шериктештик мамиле байланыштырып тура турганы жазылган. "Мындан кийинки соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсүнө, өнөр-жайдагы жана энергетикадагы масштабдуу долбоорлорду ишке аша турганына ишенем. Евразиялык экономикалык биримдик алкагында алаканы тереңдетүүдө биздин өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет", - деп жазылган.

Эскерте кетсек, Исаков жетектеген өкмөттү Жогорку Кеңештин депутаттары 25-августта 97 добуш менен шайлашкан. Жаңы өкмөттүн жетекчисин жана мүчөлөрүн кызматка дайындоо боюнча президент 26-августта буйруктарды чыгарган. Исаков буга чейин президенттик аппаратты жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан