Сот Аида Салянованы сотко мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды

Бүгүн, 29-август күнү эртең менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча отурум уланмак. Бирок Салянованын кызы ооруп калгандыгына байланыштуу жактоочуларынын өтүнүчү менен сот Кубанычбек Касымбеков ишти кароону саат 14:00гө жылдырган. Белгиленген убакытка айыпталуучу келбей калгандыктан сот прокурордун өтүнүчү менен аны үйүнөн мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды.

Салянованын жактоочуларынын бири Улан Жумаков анын кызынын ооруп жаткандыгы тууралуу медициналык тактаманы сотко алып келип берип жатканын SUPER.KG'ге кабарлады. "Отурум эртең да уланмак, Салянова келмек. Конвойлордун жардамы менен сотко мажбурлап алып келүү деген чечим бул аша чабуу", - деди Жумаков.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
barakcha
2017-08-29 17:22:52
Бул бийлик чересчур болуп кетти...
-3
kanatbekabytovich82
2017-08-29 17:24:42
Ар нерсени жаза бербели биз дагы)))А то бизди да желкелеп алып кетпесин)))
+4
evra_kg
2017-08-29 17:34:31
Ушулардын устунон иш козгоп турмодо чиритеттурган президент келсе экен
+4
Melis2014
2017-08-29 17:48:52
evra_kg,КСПД партясынан приздент болсо 3 чу которулуш болот баласы ооруп атса ене кантип таштамак еле Аиданы да камайт Шыкмаматовту да камайт каршы пикир айтсан камаласын Ашага
+4
evra_kg
2017-08-29 18:04:32
Melis2014,бирок элге эч нерсе жетпейт экен
Кимди шайлайс деп бир эжеден журналис сураса
Бабановту дейт а эмнеге десе
Ал жаш дейт Бабанов ашаны каматабы
Куйобаласы болсо
-3
BekAmir
2017-08-29 18:00:41
Салянова аппак карга болбосун. Убагында канча адамды какшаткан.
+6
Дарыгер
2017-08-29 19:06:26
Алып келип ип камаш керек
+7
s.k.bakyt
2017-08-29 19:53:20
Канча жолу созуктурду Аида өзү, камаш керек, күнөөсү болсо да мойнуна албайт. Алманбетти дагы. Булар убагында өзүм билемдик кылышкан. Мындайлар жыргатпайт.
+3
taku1414
2017-08-29 20:59:11
соттун баласы жок го. соттор аша чабышты. бийликтин буйругун борк ал десе баш алгандай эле аткарып атышат.
-3
Aikyn93
2017-08-30 02:38:41
Камаш керек ушулардыкы эле өттү ооруп калып анан үй камагына деп түрмөдө чиритиш керек булардын баарын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан