Венгрияда өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз спортчулары Алмаз Алтынбек уулу жана Артур Тё турнирдеги оюнун жыйынтыкташты.
Бүгүн, 29-августта мелдештин экинчи күнүндө эркектер арасында 66 килограмм салмакка чейинки категорияда медалдар ойнотулган.
Кыргыздын атынан эркектер арасындагы бул салмак категорияда Алмаз Алтынбек уулу жана Артур Тё чыккан. Алар экиден беттеш өткөрүп, биринчи беттештерин жеӊген. Бирок, тилекке каршы, экинчи беттеште Алмаз Алтынбек уулу доминикандык атаандашынан жеңилсе, Артур Тё жеңишти япониялык дзюдочуга алдырып жиберген.