Өзбек ханайымынын келбетине кыргыз интернет колдонуучулары суктанып бүтпөй жатышат (фото)

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 5-сентябрда президент катары Кыргыз Республикасына биринчи мамлекеттик иш сапары менен келди. Өзбек башчысын жубайы Зироатхон Хошимова коштоп келди.

Кыргыз интернет колдонуучулары ханайымдын сулуулугуна, келбетине суктанып, биринчи айым учактан түшөрү менен талкуу чордонунда болду. Мирзийоевдин жубайы эл көзүнө көп чыга бербейт. Анын сүрөттөрүн интернеттен табууга дээрлик мүмкүн эмес.

Зироатхон Хошимованын биринчи айым катары дебюттук сапары 2017-жылы май айында Кытайга болгон. Учактан түшүп келе жатканда катуу шамал Өзбек ханайымынын жүзүн жаап калганына карабай видеокамералар анын сулуулугун тартып алганга жетишкенин Кытай басылмалары жазышкан. Чачын түздөп күлүп турган Зироатхон Хошимовага көпчүлүк суктанганын жашырган эмес.

Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон (Ойхон) Хошимова Кокон шаарында туулган. Ташкенттеги инженерлер ирригациясы жана айыл чарба механизациясы институтунда окуп жүргөндө болочок жолдошу менен таанышкан. Ал мезгилде Шавкат Мирзийоев институтта иштеп жаткан. Жубайлардын Саида жана Шахноза аттуу кыздары, Алишер (айрым маалыматтар боюнча Даврон) аттуу уулу бар.

Шавкат Мирзийоевдин жубайынын биринчи айым катары дебюту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Abdusamat.kg
2017-09-06 13:09:31
Эрди эр кылган аял , кара жер кылган да аял . Вазир жакшы хан жакшы , аял жакшы эр жакшы. Алган жары жарашса кара жака ак болот
+13
dazhan
2017-09-06 13:15:37
Каягы сулуу
-8
Ferdews
2017-09-06 13:19:01
Биздин Раисага жетбейт экен))
+2
ZHYRGAl1412
2017-09-06 13:48:09
Бирок чынындале тика экен аялы
+13
nur_zhoni
2017-09-06 13:58:27
Озгочо сулуулугун деле корбодум кадимкидейле сулуу деп жазса мен ойлоп алыпмын асмандагы айды
+2
AKCAHAT
2017-09-06 14:19:46
Сулуу аял экен, бирок Азербейджандын биринчи айымына эч бири жетпейт ко. Жашы 50го таяп калса деле моделдердей куурчак сымал.
+7
bond02
2017-09-06 15:01:29
Эшегине жараша тушагы.
+4
ayjan_90
2017-09-06 16:02:10
Чын эле сулуу сымбаттуу экен фигура сы деле сонунго кийимдери да озуно жарашыптыр
+5
dasta
2017-09-06 16:30:05
Менин аялымын жанында наак болуп калатко
+4
saltanat.
2017-09-06 17:53:58
Раиса айым андан сулуу экен, хотя жашы улуу болсо да.
-2
Sagidko88
2017-09-06 17:54:10
Президенттин аялы болсом мындан да сулуу болмокмун.
+7
nurbek11
2017-09-06 20:00:06
Менин аялымын тырнагына деле жетпейт экен. Сулуу десе ото башкача ойлопмун.
-5
PROS
2017-09-06 21:56:17
Аялдардын баары сулуу!!! Болгону ошол сулуулукту көрө билиш керек да.
+5
raykray
2017-09-07 01:43:24
Негизи жылмайып журсо сулуу корунот,и каарыбайтда, азыр ойлонгон кабагы салынган аялдар башында толо проблема мн
0
Adilet2014
2017-09-09 09:58:24
Шамал аябай эле кыйнаптырго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан