Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG'нин түз эфиринде жакында эле "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылган ырчы Самара Каримованын маеги башталат. Ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, келечек пландары жөнүндө кызыктырган суроолоруңузду узатып, түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.
10:00 Самара Каримованын SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучулар даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.
10:10 Самара Каримова жакында эле баш тарткан "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчилиги кызматы тууралуу айтып берүүдө. "Мен иштесем иштеп кетмекмин, менден жакшы жетекчи чыкмак. Бирок жетекчи болом деген да өзүм, баш тарткан да өзүм. Андыктан капачылык жок", - деди ал.
10:12 Суроо: "Эмгек сиңирген артист" сыйлыгын бийликтеги таасирдүү тааныштар менен алды дешет?
"Таанышым жок, талантымдын артынан жана элдин колдоосу менен сыйлыкка татыдым. Сахнага чыккандан бери борбордо 6 жолу ийгиликтүү концерт бердим. Жаш кезде колдоого алышса чоң дем-күч берет. Наамга Маданият министрлиги, облустук өкүлчүлүк көрсөтөт. Мени Кыргыз театрлар ишмерлер союзу көрсөттү. Бир жыл мурун Жаныш Кулмамбетов агайыбыз наамдарымды, документтеримди чогултуп наамга көрсөттү эле бир жылдан кийин наам алдым. Негизи наамды атам алышы керек эле. 63 жашында "Маданияттын мыктысы" деген төш белги алган. Жаштар атамды жакшы тааныбайт. Бирок өз учурунда таанымал артист болгон", - дейт ырчы.
10:16 Суроо: Эмнеге ырчылар сыйлык алганын башка жакта жүрүп уктук дей беришет, калп айтпай эле коюшпайбы?
"Чынында мен конокто отурганда уктум. Чалып айтышканда ишенбей, калтырап толкундандым. Конокто отурганда уксам ошентип айтам да, "үйдө отуруп алып уктум" демек белем? Бул сыйлыкты мага ыраа көрбөгөндөр болууда. Мени колдогондор бар. Инстаграмда 300 миңден ашуун окурмандарым, туугандарым жакшы пикирлерди айтышты. Сыйлык мен үчүн кыргыз элинен аванс деп билем. Эми буга татыктуу болууга аракет кылам", - деди Самара Каримова.
10:22 Самара Каримова менен Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Бололу бирге" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.
10:30 Күйөрманынын суроосу боюнча жандуу үн жана аккордеондун коштоосу менен "Бир келип кетчи Ош жакка" ырын аткарууда.
10:36 "Менин ийгилигим - балдарым. Жаш ырчы үчүн чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйын экен. Бир жолу чет жакка 4 күнгө кеткем. Ошондо сыналгыдан мени көрсөтүп жатса улуу балам "ай, Самара Каримова, үйгө келбейсиңби" деп кыйкырган экен. Алар үчүн баарына даярмын", - дейт ырчы.
10:43 Суроо: Жолдошуңуздун биринчи жубайынан балдары барбы, алар менен катташып турабы?
"Ооба, башка никесинен 5 баласы бар. Алар менен катташып турат. Катташуусуна эч качан каршылык көрсөтпөйм, ата-эне үчүн бардык бала бирдей. Жолдошумдун биринчи жубайы менен мамилем жок, тааныбайм дагы. Кайненемдин айтуусу боюнча анын өзүнүн үй-бүлөсү бар", - дейт Каримова.
10:48 Суроо: Узун чачка кам көрүү оңой болбосо керек...
"Оңой эмес, албетте. Көптөр кошуп алган деп ойлошот экен. Өзүмдүн чачым, түсү да өзүмдүкү. Боёгон эмесмин. Жолдошум узун чачтууларды жактыргандыктан, кыркканга уруксат бербей жүрүп өстүрүп калгам", - деди ырчы.
10:52 Ырчы алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.
10:54: Суроо: Наам туура эмес берилди деп айтышууда, сыйлыкты алуу үчүн көп жыл эмгек кылуу керек экен?
"Сөзсүз түрдө жылга же жашка маани бербестен, иштеген ишине карап баалашса - бул жаштарга чоң стимул болот. Буйрук экен, жаш кезде алдым. Колумдан келсе бардык кесиптештериме ыйгарат элем".
10:57 Суроо: Тойго чакырсам 700 доллардан түшпөй койдуңуз. Ставкаңыз мынча кымбат?
"Жолдун алыстыгына жараша ставка коюлат. Мен кетирген эмгегиме ушул бааны ыраа көрөм", - дейт ырчы.
10:59 Окурмандын "Наамдан баш тартсаң жаңы Жаңыл Мырза аталмаксың" деген билдирүүсүнө мындай деп жооп берди.
"Наамдан баш тарткандай - бул кызматтык кресло эмес. Болгону стимул берүүчү кичинекей кагаз. Наамдан баш тартпайм", - деди ал.
11:02 Жолдошу тууралуу: "Аябай кыйынчылыкты көрүп, семичке сатып жүрүп бутуна турган. Азыр Кудайга шүгүр, бардык бир туугандарга, балдарына каралашып турат. Чыгармачылыгымды колдойт. Кызганбаган эркек жок, кызганат. Мен деле кызганам. Бирок чектен ашпайбыз", - деди ал.
11:05 Суроо: Өзүңүздүн обондоруңуз барбы?
"Бар, бирок элге алып чыгуудан тартынам. Соңку убактарда ушул темада көп сөз болуп жатат. Андыктан устаттарыма көрсөтүп, эгер жараса ырдап чыгам", - дейт Самара Каримова.
11:10 Суроо: Эмнеге жолдошуңуз дайыма жаныңызда жүрөт, сизге ишенбейби?
"Жолдошумдун жумуштары абдан көп, андыктан дайыма менин жанымда жүрөт дегенге кошулбайм. Көбүнчө кайнилерим коштоп жүрүшөт. Мага ишенет, мен ишенимдүү аялмын", - деди ырчы.
11:12 "Атам менен кайнатам абдан жакшы дос болуп жүрүшкөн. Андыктан Асанга (ред. жолдошу) турмушка чыгарымды айтканда каршылык көрсөткөн эмес. Ата-энем күйөө баласын абдан жакшы көрүшөт", - дейт Каримова.
11:15 Күйөрманынын суранычы боюнча жандуу үн менен "Баары сендей" ырын аткарган соң "Жаз" аталышындагы ырын аткарууда.
11:20 Суроо: Ийгиликке акчанын күчү менен жеттиңби же күйөөңдүн жардамы мененби?
"Элимдин жана жолдошумдун колдоосу менен ийгилик жаралууда. Ошондой эле өзүмдүн эмгектеримди да айтып кетпесем болбос", - дейт ырчы.
11:28 Окурмандын "Апаңа караганда атаңа жакын окшойсуң" деген суроосуна, "кыз бала атага жакын болот окшойт. Кичинемден атама жакынмын, азыр өзүмдүн кызым да атасына, балдарым мага жакын" деп жооп берди.
11:32 Самара Каримованын аткаруусундагы "Түшүмө кирдиң түндө сен" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.
11:36 Ырчы жогоруда аталган клипке Өзбекстандын Эл артисти Мырза Азизов тартылганын айтып өттү.
11:42 Күйөрманынын суранычы боюнча "Асыл кечим" чыгармасын жандуу үн менен аткарууда.
11:48 "Ырчы болбосом диктор болмокмун. Бул боюнча телеканалдардан бир топ сунуштар түшкөн, бирок убактымдын тардыгына байланыштуу баш тарткам", - дейт ырчы.
11:50 Окурмандын "Кайненеңиз тууралуу айтып бериңиз. Жолдошуңуз "апам саунаны жетектейт" деген эле" деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди.
"Кайненем - Ажыга барып келген аябай ыймандуу инсан. Жолдошумдун антип айтканы тууралуу маалыматым жок экен", - деди ал.
11:54 Суроо: Пластикалык операция жасатып көрдүңүз беле?
"Кудай сактасын, бычак алдына жатпай эле коёюн. Өзүмдүн табияттан берилген келбетим менен эле жүрөм", - дейт ырчы.
11:56 Ырчы өзүн калың элге тааныткан "Сагынганда атамды" чыгармасын жандуу үн менен ырдоодо.
12:02 Окурмандын "Самаранын наамына каршы кол чогултабыз дегендер болууда" деген суроосуна "аны убакыт көрсөтөт, эгер мени колдогондор аларга каршы кол чогултушса, анда...", - деп кыскача жооп узатты.
12:05 Самара Каримованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.