Ысык-Көл облусунда Лексус ичиндеги 4 адам менен кошо күйүп кетти. Жанынан 2 кап кара куурай табылды (фото)

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, унаанын ичиндеги төрт адам күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 04:27 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 112-чакырымында болгон. Анда Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылган. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги төрт адам менен кошо күйүп кеткен.

Азыркы тапта каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, унаа катуу ылдамдыкта келип бир канча жолу оодарылып кеткен.

"Кырсык болгон жерден унаанын чачырап кеткен тетиктери, буюмдар жана эки кап кара куурай табылды. Унаанын ичиндегилер толук күйүп кеткендиктен аты-жөндөрү тактала элек. Эч кандай документ табылган жок. Болгону бир сим-карта табылды", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Talantbargy
2017-09-08 09:29:54
Жандары жаннатта болсун,менимче кара куурайдан баса баса чегип эс мас болгон учурда айдашкан окшойт учуруп.
+20
aerforce
2017-09-08 09:33:05
эх кудайым сакта Кыргыз элим согушу жок кырсыктан кырылмай болдук машынаны бираз абайлап айдасак бул жерде он руль сол руль эмес бул жерде кырсык азыр эми он рульдагыларды алып салабыз деп жатышат байкап карасак бишкек ош жолунда май ташуучу унаалар канча авария болду а степ айдаган баары жаш бала алардын опыты жок аларга сол руль болсода ошону жасамак анткени 180 менен айдайт дейсин а мурунку таксистер абайлап карап айдайт ушундай боодо кырсыктан кудай сактай кор жакындарына конул айтабыз
+6
Riokyrgyz
2017-09-08 09:34:53
окуяга тиешеси жок суроттун эмне кереги бар?
-4
mishonia8077
2017-09-08 09:55:16
Riokyrgyz,машина күйүп жатпайбы
+3
adi.anara
2017-09-08 09:56:30
Riokyrgyz,Ошол окуядан эле алынган суроттор болуп туратко. Эгерде тиешеси жок болсо анда "жок" деп жазып коет болчуда.
+3
Elnura08
2017-09-08 09:51:15
Кудай сактааа,Talantbarqy айткандай эле кара куурайдан бастырып алып айдашкан окшойт.
+3
Kyrgyz06
2017-09-08 10:03:36
ТОО ашууда гаи козомолуу жок ошондуктан аябай катуу айдашат.степ айдагандар жаш балдар,он рул обгонго аябай еле ынгайсыз аны моюнга алышыбыз керек.эл ташыган компанияларды козомолду кучотуш керек,
+2
Aidani
2017-09-09 20:57:51
Kyrgyz06,Колдо кайдагы тоо ашуу
0
zhykyo
2017-09-08 10:14:05
Дункуйуп алып айдаса керек
+7
yasin11
2017-09-08 10:27:24
Оо аллах ар бир инсанга денил олумундон бере кор ошолордун катарында мага да маркумдардын жакындарына сабыр тилейм жаткан жерлери жайлуу болсун
+1
Ma9
2017-09-08 11:13:57
жайлары жанаттан болсун
0
aerforce
2017-09-08 11:23:28
анда булардын артынан милиция кызматкерлери кууган эки кап кара курай болсо катуу качкан анан башкара албай калдыда
+1
Lintel
2017-09-08 11:41:10
Ишениш кыйын кантип адам куйуп анан кара курайы куйбой калышы мумкун эмес.
+1
Nevestkaa
2017-09-08 14:39:47
Lintel,Таң аткыча көлдөн чыгып кетели деп өпкөсүн колуна алып келатып бир канча жолу оодарылып кетип запчасттары куурайы чачырап кетиптир да машина күйүп кеткендир.Лексусту ГАИлер тоспойт дешсе кк да.Арты кайырлуу болсун кылган күнөөлөрүн кудайым өзү кечирсин.........................................
+2
emmasha
2017-09-08 12:25:17
Машина бийик жерден кулап тушкон окшойт запчасттары чачылганына караганда. Жакындарына сабыр тилейбиз. Жайы жаннаттан болсун. Оо жараткан айтылбай келген боодо кырсыктан сактай кор
+1
Nibiru.
2017-09-08 14:13:39
Колдуктор пландан келе жатышкан окшойт. Дункуйуп, кашайып алып учуп бараткан жатканда оодарылган экен да. Арты кайырлуу болушсун!
-5
Kroxa
2017-09-08 19:47:12
Nibiru., Колдуктор эмес Колго каракуурайга келген эргулдар кетип бара жатканда болгон кырсык экен..
+3
nurik838383
2017-09-08 15:24:44
Баары куйуп кара куурай куйбогону кызыкко, бул спектакль
+5
PROS
2017-09-08 19:19:37
Балким бирөө таштап койгон кара куурайдын жанында авария болушкандыр. Өз көзүң менен көрбөй туруп бирөөнү күнөөлөгөндөн оолак бололу туугандар!
+2
tyrgon
2017-09-08 22:27:04
гаи куууганго чегип алп деле маскоодо жургондорун деле коргом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан