Өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары Кемин районунун Орловка шаарчасында 53 жаштагы дарыгер 12 жаштагы кызга шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылганын кыздын тууганы Алмаз Маматкеримовго шилтеме берүү менен жазышууда.
Маматкеримовдун айтымында, окуя 6-сентябрь күнү саат 04:00 чамасында болгон. Анда дарыгер түн ичинде кызга эч себепсиз шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылган.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы ал окуя тууралуу арыз келип түшкөнүн, тиешелүү экспертизалар дайындалганын тастыкташты.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 6-сентябрь күнү жогорудагы факт боюнча министрдин атына кат келип түшкөнүн билдирди.
"Дарыгерге чара көрүү боюнча министрге кат келип түшкөн. Ал маселе министр Талантбек Батыралиевдин көзөмөлүндө. Азыркы учурда атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатышат. Эгер дарыгердин күнөөсү далилденсе, катуу чара көрүлөт", - деди Айгерчинова.