Украинанын борбору Киевде атышуу болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Укук коргоо органдарына Киевдин Беларусь көчөсүндө терезелери талкаланган Opel үлгүсүндөгү унаа тууралуу маалымат түшкөн. Андан бир канча убакыт өтпөй октон жабыркаган эки жарандын жардам сурап кайрылганы боюнча ооруканадан билдиришкен. Ыкчам тергөө тобу окуяны иликтөө үчүн дароо чыгып кеткен.
"Шаардын ичинде кан болуп, ок тийген Jaguar үлгүсүндөгү унаа да табылган. Полиция кылмышкерлер из жашыруу үчүн Opel үлгүсүндөгү унаа менен жолун улоону чечкен деп тыянак чыгарууда. Октон жабыркаган эки жаран изин суутуп кеткен үйдүн короосунан ыкчам тергөө тобу спорттук сумка тапкан", - деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, октон жабыркаган жарандар Украина өлкөсүнүн жарандары эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алар Кыргыз жарандары экени айтылууда.