Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Тельман айылынын Сыргагүл Сталбек кызы аттуу 14 жаштагы тургуну изделүүдө. Анын эжеси Алмира Абидинованын бүгүн SUPER.KG'ге билдиришинче, Сыргагүл 8-сентябрь күнү "мектепке барам" деп үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес.
"Саат 12:00 чамаларында мектепке кеткен. Бирок классташтары сабактан кайткан учурда ал келген жок. Мугалими, классташтары да "кызыңар келген жок" дешти. Мектеби Ош-Кара-Суу унаа жолунун жээгинде болгондуктан түнү менен Ош жана Кара-Суудагы ооруканаларды карадык. Ал жакта да жок болуп чыкты", - деди эжеси.
Сыргагүл үйдөн ак түстөгү кофта, көк түстөгү юбка кийип, кара түстөгү сумка көтөрүп чыгып кеткен.
Эгерде аны көргөн-билгендер болсо, 0 (553) 73-85-55 телефон номуруна кабарлап койсоңуздар болот.