Өткөн аптанын жума күнү, тактап айтканда, 8-сентябрда Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, унаанын ичиндеги төрт адам күйүп кеткен. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы кырсыкка кабылган Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги кошо күйүп кеткен 4 адамдын аты-жөндөрү такталгандыгын кабарлашты. Алар: 1958-жылы туулган Бишкектин тургуну М.А., 1960-жылы туулган Бишкектин тургуну С.А., 1962-жылы туулган О.Н. балыкчылык жана ушул эле Балыкчы шаарынын тургуну 1967-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар болгон.
Маалыматта белгилүү болгондой, Бишкектен делген 2 жаран Балыкчыдагы досторунукуна барып конок болушкан. "Балыкчыдан Түп районуна жол тартышып, кайра Балыкчыга келе жатышканда кырсыкка кабылышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда аталган 4 жарандын бардыгы тең мурда соттолгон", - деп билдирет маалымат катчылыктан.
Эскерте кетсек, аталган кырсык 8-сентябрда, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 112-чакырымында, Кашат жана Григорьевка айылдарынын ортосунда орун алган. Анда Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылган. Анын кесепетинен унаа жана ичиндеги төрт адам кошо күйүп кеткен. Кырсыктын келип чыгышына унааны катуу ылдамдыкта башкаруу себеп болгон. Кырсык болгон жерден унаанын чачырап кеткен тетиктери, буюмдар жана эки кап кара куурай табылган.