Чоң-Алайда 8 жумушчу тамактан ууланды делген алтын казуучу компаниянын жатаканасы, ашканасынан фоторепортаж

Чоң-Алай районундагы алтын казуучу компаниянын 8 жумушчусу ууланып, райондук ооруканадан дарыланып чыгышты. Алар тамак-ашка ууланганын айтып жатышат.

Атын атагысы келбеген жумушчулардын бири кен казуучу компания түзүп берген шарттар талапка жооп бербей турганын айтты. Анын билдиришинче экологиялык жана техникалык коопсуздукту текшерүү жүрүп, бирок оозго аларлык өзгөрүү болбой жатат.

"Компаниянын тоодо базасы бар. Ал жакта иштеген 20га чукул бала тамактан ууланды. Алардын көбү дары ичип эле калышты, сегизи ооруканага жеткирилди. Ишкананын тоодогу базасында жатакана, ашкана бар болгону менен шарттары начар. Иштөөгө талаптагыдай шарт түзүлгөн эмес. Жатаканада пол, жылытуучу техника деген нерсе жок. Ашканада да ысык суу жок. Улуу курактагы аялдар муздак сууга идиш жууп иштешет. Жумушчуларга зыяндуулук үчүн сүт, мөмө-жемиштер берилбейт. Балдар тоодо иштегенине карабай арзан кедыларды кийишет.

Мамэкотехинспекциядан текшерүү келет. Эми Кыргызда баары билишсе керек кантип тез келип, кайра тез кетип каларын. Жетекчилик абалды билгени менен жыйынтык жок. Бишкектен бир эже текшерип келип "өлкө боюнча мындай бардак жер жок. Жаптырыш керек" деди. Биз иштебесин дебейбиз, шарт түзүп коюшсун", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aerforce
2017-09-12 10:49:47
алтын казган компаниянын жатаканасы ушул болсо анда башкасын жон эле койгула оз алтыныбызды озубуз качан колдонобуз башка бироолор келип жеп кетип жугундуз таштаса суйунуп койушуп журот чондорубуз тонналаган алтын кайсыл жакка кетип жатат кайсыл жерге барба кытай даагы башка улут иштетет жадакалса кирпичти кытай чыгарат оз окатыбызды озубуз сатып жейбиз биртке акчан болсо президенттикке кобой ошолорду кылсанар озунор жегиле элда жесин ошондо кыргыз жейтко
+4
nurbekasr
2017-09-12 11:06:30
Ааиий кандай жаман жер адам жашаганга эч бир болбой турган.Бул жерде ууланмак турсун адам насмерт кетет го бул шартта.Менимче кытайлар да жашайт го аралашып,тиги чарадакы эшектин эти.
+5
Samina007
2017-09-12 11:24:59
Баарык шарттарды түзүп бергенго,өзүңөрдөн да калган жагы туура таза пайдаланбаган.сан техника,отопление пол линолеум салынып турат уборка порядок кылгыла да туугандар.өзүңөр иштеп жашагандан кийин
+5
Samina007
2017-09-12 11:26:19
Сен таза болсоң,коом таза болот!!!
+2
Okna
2017-09-12 12:05:39
Фуууу Эшек канагоо
+1
zzari-83
2017-09-12 12:53:33
Тооба кылдым,ашканасын көрүп тамагың түшөтко.Мынчалык өзүбүздү жерге урбасак. Бул кандай шарт болду?!Адам чыдагыс шартка көнүп дагы, иштеп дагы,и плюс байлыгыбызды дагы берет экенбизда ...Өкүнүчтүү...Адам ууланмак турсун, өлүп деле калышына шек күмөн жок экен!
+2
Aitun
2017-09-12 20:28:34
Эми тоо жеринде укмуш шарты тузуш деле кыйын. Газ балон бар экен холодильник шкафтар турат. Бир адамдан такай дежур болуш керек айланасын комнаталарды созсуз тазалап турганы. Кухработниктер кухняны жууп тазаласа эле жакшына эле жер экен. Оздору ошондой балтай шалтай болсо ошондой болотда. Менин уйумдо деле ыссык суу жок газга ысытып ийдиш жууйм. Менимче тазалык кобуроок жетишбейт чем условиядан коро.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан