Жогорку Сот "Аккула" ипподромунун жеке менчикке сатылышы боюнча келишимди жараксыз деп тапты

Жогорку Сот Бишкектеги "Аккула" ипподромунун жеке менчикке сатылышы боюнча келишимди жараксыз деп тапты. Бул тууралуу 12-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Соттун 7-сентябрдагы токтому менен биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун чечимдери күчүндө калтырылып Ленин райондук прокуратурасынын доо арызы канааттандырылды. Ага ылайык "Аккула" ипподромунун жеке менчикке сатылышы боюнча келишим жараксыз деп табылды.

Маалыматка караганда, Айыл чарба министрлигинин жер агрардык реформа башкармалыгынын токтому менен (1997-жылы 11-февралдагы токтом) "Аккула" мамлекеттик улуттук акционердик коому "Аккула" акционердик коом деп өзгөртүлгөн. Акциялардын 80 пайызы кызматкерлерге, 20 пайызы министрликке берилген.

"1998-жылы 23-февралда Айыл чарба министрлиги менен "Аккула" АКсынын ортосунда сатып алуу боюнча келишим түзүлөт да, ипподромдун комплекси акционердик коомго сатылат. Андан кийин 1998-жылы 28-июлда министрлик тарабынан "Аккула" акционердик коомуна жеке менчикке өткөрүлөт.

Бирок ага чейин 1995-жылы 30-октябрдагы токтомго ылайык ипподром Бишкек мэриясына берилген. 1996-жылы шаардык кеңеш аны мэриянын балансына киргендиги боюнча токтом кабыл алат.

Мындан улам Айыл чарба министрлигинин ипподромду сатууга ыйгарым укугу жок болгон. Ага ылайык алып-сатуу боюнча келишим жараксыз деп саналат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан