Бишкекте түн ичинде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип, студент кыз изделүүдө

Бишкекте түн ичинде үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип, 20 жаштагы Дильфуза Туратбек кызы изделүүдө. Атасы Туратбек Аманбаевдин айтымында, кызы Дильфуза 11-сентябрдан 12-сентябрга караган түнү саат 03:15 чамасында эч кимге айтпай үйдөн белгисиз тарапка чыгып кеткен. Азыркы тапта Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазылып, издөө иштери уланууда.

Айта кетсек, Дильфуза Туратбек кызы эл аралык "Ала-Тоо" университетинде 2-курста окучу. Акыркы эки күн сабактарга барган эмес. Ошол түнү кызыл кофта, кара пиджак, кара шым кийип жүргөн. Жанында фотоаппараты да болгон.

Эгер аны көрүп-билгендер болсо, 0 (559) 22-25-55, 0 (550) 87-96-81, 0 (552) 30-10-44 номурларына же 102ге чалып, кабарлап койсоңуздар.

Бишкекте 20 жаштагы студент кыз изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Hadyja
2017-09-13 09:45:57
Аман-эсен табылып калса экен.Карангы тундо чыкканы жакшы эмес.Сабакка да барбаса.Куйоого бериш керек,тундо эшике чыкпай калат
+2
taalay25
2017-09-13 09:51:36
Тушунбойм. Негизи милицияга ущинтип жоголгон жаш кыздардын туугандары ото коп келишет. Анан эки уч кун откондон кийин бир жерде шапар тээп жургон болуп чыга келет.
+1
Batma08
2017-09-13 10:23:03
Азыркы кыздар башкача. Тушунбойсун
0
sopu93
2017-09-13 11:40:41
Берки 8 жылдан бери жоголгон кыз ушул эмес бекен может билип калып чыгып кеткендир экоонун байланышы барбы суруштургулочу
0
tular
2017-09-13 16:56:57
sopu93, чын эле экоо окшош экен суротто. Ананда экоо тен 20 жашта болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан