"Диний кастыкты козутту" деп айыпталып жаткан журналист Зулпукар Сапанов 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Зулпукар Сапановдун ишин караган. Анда Сапановдун “Кыдыр санжырасы” аталышындагы китеби "Мусулмандардын диний ишенимине шек келтирет" деп табылып, ал 4 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле сот залынан каммакка алынган.
Айта кетсек, 2016-жылдын сентябрь айында Зулпукар Сапановдун “Кыдыр санжырасы” аттуу китеби жарык көрүп, дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү "Бул китеп ислам динине шек келтирет" деп УКМКга кайрылышкан.