Ноокатта бир үй-бүлөдө жашаган 4 адам майыптыгы боюнча документ ала албай жатат

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында бир үй-бүлөдө жашаган 4 адамдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү. Алардын мамлекеттен пенсия алууга мүмкүнчүлүгү жок болууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда SUPER.KG порталына аталган үй-бүлөнүн кызы Гүлзира Бегалиева билдирди.

"Ата-энемдин үйүндө учурда 4 адам жашайт. Атамдын эки көзү тең көрбөйт. Үйдөгү тааныш жерлерде өз алдынча басса, көчөгө чыкканда жетелеп жүрөбүз. Ал эми апамдын болсо кулагы укпайт. Алар майыптыгын тастыктаган документ алуу үчүн ооруканага жатыш керек экен. Ал үчүн каражат таппай жүрүшөт. Ал эми иним менен келиним да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Аларга да майыптыгы туурасында документ алыш керек", - деп билдирди Гүлзира Бегалиева.

Маалыматка ылайык, Каныбек Бегалиев 55 жашта. Ал эми үй кожойкеси Айзада Саматова 52 жашта. Учурда бул үй-бүлөнүн жашоо үчүн эч бир киреше булагы жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан