Орусиялык мекеме Кыргыз жеринде сибирь жарасын жуктуруу окуясы катталганын орусиялыктарга эскертти

Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кызматы 17-сентябрда Кыргыз жеринде сибирь жарасын жуктуруп алуу фактысы катталганын айтып орусиялыктарга эскертүү жасады.

"Эпидемиологиялык изилдөөлөр боюнча, илдет мал союуда жуккан. Аймакта карантин киргизилип окуяга байланышы барлар аныкталды. Алар медициналык көзөмөлгө алынды, оору камтыган этти жок кылуу иш-чаралары көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Сибирь жарасы - өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оору. Өз убагында дарылабаса илдет жуктуруп алган адамдын өлүмгө учуроо коркунучу жогору. Оору адатта малдан жугат.

Эскерте кетсек, 13-сентябрда Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 3 жаран ооруканага жаткырылып, алар сибирь жарасын жуктуруп алганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almazbei
2017-09-17 08:33:49
Орустар кайсыл жылаандын башын коргозуп жатышат эми ?!
+5
Bolunbo.kyrgyz
2017-09-17 10:27:13
Эптеп кыргыз этин кыргыз элин орусиядан алыстатып киргизбеш го барбай эле ташыбай эле койолу этсиз калышсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан