48 күн мурун дааратканадан табылган ымыркай балдар үйүнө өткөрүлүп берилди

31-июль күнү Бишкектин Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан табылган ымыркайдын энеси табылбай ал балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Ымыркайга №3-балдар ооруканасынын дарыгерлери тарабынан Даткайым деген ат берилген. Ал учурда балдар үйүндө тарбияланып жатат. 48 күндүк болду. Абалы жакшы", - деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.

Эске салсак, Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ымыркайдын энеси издөөгө алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Leilek-razzakov
2017-09-17 11:06:01
Жакшы ысым коюптур. Даткайым ден соолугун чын, омурлуу, бактылуу кыз болуп чонойгун.
+10
marselkalmurzaevkg
2017-09-17 12:12:17
Ушул кабарды энеси окуган бекен
+8
erlist
2017-09-17 12:50:33
Байкушту бироо багып алса болот эле сообу чон болмок.Балада эмне куноо...
+8
Erke94
2017-09-17 14:03:53
Кантип бала багып алса болот? Кандай документтер керек маалымат берип койгулачы супер инфо жааматы
+3
AKTILEK89
2017-09-17 14:41:03
кургурум сенин тагдырын эми эмне болот ..эне сутун оозуна албай чонойсон..балким энеси ойлонуп кайра алып кетээр
+4
jamilya03
2017-09-17 15:54:00
Мен эч балалуу болбодум ушул кызды мага беришсе багып алат элем супер инфо сиздерден маалымат кутомун алдынала рахмат
+6
Munar8625
2017-09-17 17:50:41
jamilya03,Балким Аллаа таала сизге чыноо берип жаткандыр сабыр кылыныз бергенди унутпаса керек
0
jamilya03
2017-09-18 22:28:53
Munar8625,Иншаллах.Бирок кутуп журуп жашым отту бербедида
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан