Муз үстүндөгү бий боюнча олимпиадалык чемпион Евгений Плющенко менен белгилүү продюсер Яна Рудковская үй-бүлө курушканына 8 жыл болгондо никеге турушту. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, никелешүү жөрөлгөсү Москвадагы чиркөөлөрдүн биринде белгилүү ырчылар Филипп Киркоров, Дима Билан, Сергей Лазерев жана түгөйлөрдүн эң жакын адамдарынын коштоосунда өткөн.
"Евгений экөөбүздүн таанышканыбызга 10, мыйзам түрүндө баш кошконубузга 8 жыл болду. Эми минтип никеге турдук. Куттуктоолорго рахмат, биз бактылуубуз", - деп жазган Рудковская социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Яна Рудковскаянын биринчи жолдошунан 2 уулу бар, алардын бирөө бакма. Ал эми Плющенко экөө 2013-жылы Александр аттуу уулдуу болушкан.