Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянова өзүнө карата кылмыш иши боюнча сот отурумуна кирүүдөн баш тартууда. Жактоочуларынын бири Чынара Жакупбекованын SUPER.KG'ге билдиришинче, буга анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованы отурумга катыштырбоо максатында кабыл алган соттун чечими себеп болууда. "Коомдук жактоочусу жок сот отуруму кантип өтөт? Ошондуктан Салянова "ал кирбесе мен дагы кирбейм" деп сыртта турат", - деди Жакупбекова.
15-сентябрдагы отурумда сот Кубанычбек Касымбеков менен Аида Салянова кайым айтышып, ага жактоочусу аралашкандыгы үчүн сот аны залдан чыгарып жиберерин эскерткен.
Иш боюнча соттук иликтөөлөр 13-сентябрда аягына чыгып, айыпталуучу суралып баштаган. Суралып бүткөн соң тараптар жарыш сөзгө чыгышмакчы.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.