Бишкекте күйүүчү майдын баасы кымбаттоодо. Мисалы, өткөн аптага салыштырмалуу АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 40 тыйынга көтөрүлдү. 1 литри жакында 38 сом 60 тыйындан сатылып жатса, учурда 39 сом болууда. Бензиндин башка үлгүлөрү жана дизель майынын бааларында да өзгөрүү бар.
Өлкөнү мунай продукциясы менен камсыздаган негизги компаниянын май куюучу жайларында 19-сентябрга карата баалар мындай:
АИ-98 - 45 сом 50 тыйын;
АИ-95 - 41 сом 50 тыйын;
АИ-92 - 39 сом 00 тыйын;
АИ-95 - 40 сом 50 тыйын;
АИ-92 - 38 сом 00 тыйын;