Бишкек шаарындагы жаштар аллеясына орнотулган чоң көлөмдөгү көз айнекти белгисиз адамдар сындырып кетишти. Окуя кечээ, 18-сентябрда орун алган. Аталган инсталляция "Көз караш" долбоорунун алкагында былтыр, 2016-жылы июль айында орнотулган. Идеяны алып чыккандар шаарга көрк кошуп, инфраструктуралык курулуштарга байытуу, мындан сырткары көз айнек аркылуу тургундарды өз укугун билүүгө үндөө максатын көздөшкөн. Анын жаратуучулары - борбор калаадагы "DOXA" арт тобунун мүчөлөрү.
Белгилей кетсек, бийиктиги 2,5, туурасы 5, узуну 6 метр келген көз айнек борбор калаада жасалган. Көз айнектин жанына, жерге "Өз укуктарыңды коргоо үчүн аны билишиң керек" деген сөз жазылган.
Интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучулары белгисиз бейбаштардын мындай жоругун вандализм деп сыпаттоодо. Айрым социалдык тармактагы топтор аларды өз алдыбызча издейбиз деп белсенишүүдө. Ал эми укук коргоо кызматкерлери азырынча бул көрүнүшккө реакция кыла элек.