Жаштар аллеясындагы көз айнек оңдолду

Бишкек шаарындагы жаштар аллеясындагы белгисиз адамдар тарабынан сындырылган чоң көлөмдөгү көз айнек оңдолду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көз айнек "Тазалык" ишканасы тарабынан оңдолгон. Ленин райондук администрациясы жана укук коргоо органдары тарабынан көз айнекти сындырып кеткендер изделүүдө. Интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучулары белгисиз бейбаштардын мындай жоругун вандализм деп сыпаттоодо. Айрым социалдык тармактагы топтор аларды өз алдыбызча издейбиз деп белсенишүүдө.

Жогоруда аталган инсталляция "Көз караш" долбоорунун алкагында былтыр, 2016-жылы июль айында орнотулган. Идеяны алып чыккандар шаарга көрк кошуп, инфраструктуралык курулуштарга байытуу, мындан сырткары көз айнек аркылуу тургундарды өз укугун билүүгө үндөө максатын көздөшкөн. Анын жаратуучулары - борбор калаадагы "DOXA" арт тобунун мүчөлөрү.

Белгилей кетсек, бийиктиги 2,5, туурасы 5, узуну 6 метр келген көз айнек борбор калаада жасалган. Көз айнектин жанына, жерге "Өз укуктарыңды коргоо үчүн аны билишиң керек" деген сөз жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
friendwipkg
2017-09-20 08:43:10
Мен азыр барып кайра сындырам.
-9
12.12.12
2017-09-20 09:16:42
friendwipkg, сындыргычын катуу иштейт окшойт? Уйундогу буюмдарынды сындырчы апам эмне кылар экен...
+1
friendwipkg
2017-09-20 09:33:05
12.12.12, коркутпачы, корккучум иштеп кетти.
-4
Batma08
2017-09-20 10:01:51
Ха хасынарго
+2
KYRGYZ-stan
2017-09-20 10:29:22
Малдай болгон кишилер барда,андайларды киши деп айтканга ооз барбайт,жакшы турган нерсе жон турса болбойт ХХХХХ
+2
admin_superstan
2017-09-20 10:53:14
KYRGYZ-stan, ekaterinburg, коомдук этиканы сактаңыздар. Эскертүү!
+1
Jaku2017
2017-09-20 11:05:59
Ииий ай ушуну сындырып бүлүндүргөнгө кантип колу барды билбейм. Ушул бүлүндүргүчтөрдү КЫРГЫЗ элине кол көтөрүп жаткандай элестетем. Мен мурун башка сурөттөрдөн көрүп Алматыда го деп ойлогом.Азыр көрүп алып шаарыбызга көрк кошулуп, инфраструктуралык курулуштарга байып жатканына абдан сүйүндүм.
+3
aykyz
2017-09-21 00:28:25
Бул жаштар аллеясы кайда? Дарегин берип койгулачы барып келейин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан