Жабык имараттагы Азия оюндары: Гүлшанай Сатарова жеңил атлетика боюнча мелдеште күмүш медаль тагынды

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча мелдеште Гүлшанай Сатарова күмүш медалын жеңип алды.

Гүлшанай Сатарова 1500 метр аралыктагы жарышка катышып, 4 мүнөт 31,64 секунд жыйынтыгын көрсөткөн. Кыргыз жөө күлүк 9 спортчунун арасында 2-болуп келип күмүш медалга татыды.

Андан тышкары аталган жарышка дагы бир Кыргыз спортчу катышкан, 19 жаштагы Арина Клещукова 4 мүнөт 34,16 секунд жыйынтыгы менен 3-орунду ээлеп коло медалга татыды.

Муну менен Кыргыз капчыгында жалпы 17 медаль болду, алардын ичинен 1 алтын, 6 күмүш жана 10 коло медаль. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз курамасы 13-орунда жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bolot_milion
2017-09-22 22:54:29
Гулшанай кумуш медаль кут болсун..
Кыргызымдым желегин желбиретип журо бер сен менен сыймыктанабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан