Сотто Салянованын жактоочулары жарыш сөзгө даярданууга бир жума убакыт сурады. Сот аны канааттандырган жок

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө айыптоочу тарап Салянованы 8 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн соң жактоочу жарыш сөзгө даярдануу үчүн бир жума мөөнөт сурады.

Буга каршы чыгышкан айыптоочулар алардын бардык иштин жүрүшүнөн кабары бар экенин айтып, отурумду бүгүн түштөн кийин улантууну өтүнүштү. Сот тараптардын өтүнүчтөрүн уккан соң жактоочулардын талабын четке кагып, мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн канааттандырды. Отурумду бүгүн саат 14:00дө улантуу чечимин кабыл алды. Буга нааразы болгон Салянова "Жадакалса мындан да резонанстуу болуп эсептелинген Текебаевдин ишинде да жарыш сөзгө даярданууга 3 күн убакыт берилген", - деди.

Натыйжада соттук отурум бүгүн түштөн кийин саат 14:00дө улана турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан