Жаштар аллеясындагы көз айнек кайрадан сынды

Бишкек шаарындагы жаштар аллеясындагы чоң көлөмдөгү көз айнек кайрадан сынды. Буга чейин 19-сентябрда ал белгисиз адамдар тарабынан сынгандыгы кабарланган.

Эртеси, көз айнек "Тазалык" ишканасы тарабынан оңдолгон. Кайрадан бүгүн, 22-сентябрда эртең менен шаардыктар көз айнектин сынык жатканына күбө болушту. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлангандай, учурда "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери кайрадан аны оңдоп жатышат.

Ленин райондук администрациясы жана укук коргоо органдары тарабынан көз айнекти буга чейин сындырып кеткендер изделип жаткан. Интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучулары белгисиз бейбаштардын мындай жоругун вандализм деп сыпатташкан. Айрым социалдык тармактагы топтор аларды өз алдыбызча издейбиз деп белсенишип, бирок аны сындыргандар табыла элек болчу.

Жогоруда аталган инсталляция "Көз караш" долбоорунун алкагында былтыр, 2016-жылы июль айында орнотулган. Идеяны алып чыккандар шаарга көрк кошуп, инфраструктуралык курулуштарга байытуу, мындан сырткары көз айнек аркылуу тургундарды өз укугун билүүгө үндөө максатын көздөшкөн. Анын жаратуучулары - борбор калаадагы "DOXA" арт тобунун мүчөлөрү.

Белгилей кетсек, бийиктиги 2,5, туурасы 5, узуну 6 метр келген көз айнек борбор калаада жасалган. Көз айнектин жанына, жерге "Өз укуктарыңды коргоо үчүн аны билишиң керек" деген сөз жазылган.

Жаштар аллеясындагы көз айнек кайрадан сынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
12.12.12
2017-09-22 11:55:12
Таап туруп жазасын берип, катуу тартиптеш керек!
+12
kechirmeni
2017-09-22 12:00:50
ою жоктор, ушундайлардын айынан Кыргызстан онукпой жатат
+6
aslan_akjol89
2017-09-22 12:00:57
Скрытый видео наблюдение коюш керек.Азыр 21-кылым го.
+11
engel
2017-09-22 12:03:33
Кандай адамдар деги?! Неге мынча жапайыбыз? Качан маданияттуу болобуз?! Жанында гана кашайтат да ушуга окшогон манкурттар!!!
+8
admin_superstan
2017-09-22 12:05:49
Kanat.tls, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
-3
mratbashy
2017-09-22 12:27:31
Кооп нерсе арнагын келет ушундай кылган келесоолорго
+4
Farm94
2017-09-22 12:31:22
Мал дейин десен мал деле кашынып оттоп кетет. Ункурдон чыккан жапайылар окшойт. Коз айнектен озун коруп алып чочуп кеткен окшойт ушундайда мырк барбы,мен красавчик элем деп бир тепкенго св-тар
+11
Atas
2017-09-22 12:37:52

Kyrgyzstandyn onuguusun kaalabagan adamdar kylat myndai ishterdi
+4
Shekeev969798
2017-09-22 13:38:55
Atas,Ошол очки менен онугобу?
-11
Jazdyn_tany
2017-09-22 21:02:45
Shekeev969798,очки менен өнүкпөйт, башка менен дагы өнүкпөйт деп анда баарын бүлдүрүп талкалай беришсинби?
+1
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-22 12:38:23
селфи кылып жургон жаштар сыйпалап сыйпап суротко тушкондор сындырып алышты бул менин версиям ха
+1
Nanei
2017-09-22 13:12:08
Кыргыздар жапайы эле бойдонбуз. Америеада журсок дагы атыбызды корунгон жерге база беребиз
+7
aerforce
2017-09-22 13:27:30
колун сынгыр таап алып эл алдында аябай ут кылыш керек туалет жуудуруп интернеттен тв корсотуп ошондо бираз болсода ойлонушмак кече бизде лифтке уят создорду кырып жазып кетиптир эмне колу кычыды дейсинда
+4
Arlen92
2017-09-22 14:05:20
ондогон куну кечинде сындырды окуга баратып кордум
0
muslim87
2017-09-22 14:45:17
Ушундай жапайылыгыбыздан качан арылабыз билбейм. Ар бир жаран өлкөнүн өсүп өнүүсүнө салым кошуу керек ошондө өлкөбүз өнүгөт. Талкалагандар булар кыргыздын душманы Кыргызстандын өнүгүп өсүүсүн эмес талкаланып жок болуусун каалаган адам же акылынын Азган адам.
+2
kechirmeni
2017-09-22 15:16:44
Олдо кыргызым аай, озу олко боюнча бир коз айнек болсо аны да сындырбай тура албайбыз да
+2
Bayjigit83
2017-09-22 15:19:32
Камера орнотуш керек.
+3
kechirmeni
2017-09-22 15:29:07
Bayjigit83,Камераны да сындырышат ))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан