Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында балбан Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Эми ал алтын медалды жеңгенге аракет жасайт.
Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп алгачкы беттешинде япониялык Акие Ханайды жеңген. Жарым финалда Тыныбекова вьетнамдык балбанга туш келип жеңишке жеткен. Эми Кыргыз балбан финалда кытайлык Пей Сингру менен беттешет.
Андан тышкары 75 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызы жана 53 килограммга чейинки салмак ченинде Назира Марсбек кызы коло медалдар үчүн күрөшөт.