Парламент комитети Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Маселе кайра жабык эшик артында каралды

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде жабык эшик артында Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Жыйындын күн тартибине 9 маселе коюлган. Анда “Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 8-маселе болуп турган. КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков бул долбоорду биринчи коюп, журналисттердин катышуусуз кароону сунуштаган. Бул сунуш комитетте колдоого ээ болуп, маселе жабык эшик артында каралган.

Долбоор каралып бүткөн соң аталган комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев SUPER.KG порталына мыйзам долбоор 2-окууда жактырылганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zevs
2017-09-26 10:56:00
erkek bolsonor achyk ele suylowpoysunorbu
+4
Nazar76
2017-09-26 10:59:25
Булар жабык караганынын себеби аша кооп жерлерди озбектерге берип коюптур
+6
elchi84
2017-09-26 11:43:26
Артыков аракет кылып жатыптырда эптеп жакшы корунуп жатыптырда кыкелер отура бергиле оозунарды ачыыыыып.
+2
kyrgyz.kg83
2017-09-26 12:37:31
Емнеге жабык карашат,админ сиздерден сураныч,емнеге жабык карап жатышкандыгынын себебин билсениздер,калкыбыз уксун билсин,токтотуп калганга убакыт бардыр,кандай чечим болуп жатканын еч ким билбесе,ертен кеч болуп калбайбы,тез жабык карап жатканынын бир себеби бардыр,аша жакында ташкентке барат екен,ошого тез карап мирзиёивке подарка кыла барайын деп жатса керек ажобуз,бул жерде ата бабаларыбыздан бизге мурас болуп калган жер туралу маселе каралып жатат,аны ачык карашы керек болчу
+3
admin_superstan
2017-09-26 15:06:08
kyrgyz.kg83, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Jarookerjan
2017-09-26 13:32:30
Ушулар тымпыйып балыкка окшоп семирип отуруп алышып,акчаны култуюп эсептерине откоруп,шайлап беребиз деген убадаларды алып,бизди карайлатып дагы гектарлаган жерлерди озбек тарапка берип коюшту окшойт.
Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт.Адамдар жерибизди сатып жиберди деп айтып жаьышат.Эгерде кыргыз жеринин кыпындай болугун саткан болсонор мекенге зар болуп калгыла!Туулган жердин тузу,суусу урсун силерди.
+1
Jarookerjan
2017-09-26 15:04:33
Эмнеге жабык эшик?Эмнеге жашыруун?Чек ара маселеси бир адамга тиешелуу эмес го.Бутундой мамлекетке тиешеси бар.Жалпы элдин тагдырына байланышы бар деп айтса болот.
Парламент комитети караган эмне болгон "мыйзам долбоору"? Кандай чечим?Эл билиши керек го.Суранамын Суперчилер суроолорго жооп алып бергенге аракет кылгылачы.
0
admin_superstan
2017-09-26 15:17:23
Jarookerjan, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан