"Мегакомду" орусиялык жеке ишкер сатып алууга ниеттенүүдө

MegaСom компаниясын Орусиянын жараны Елена Нагорная аттуу ишкер сатып алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Елена Нагорная "Альфа Телеком" ЖАКсын сатып алуу боюнча арыз жазган. Комиссия анын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга макулдук берген. Азыркы тапта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Елена Нагорная коюлган бардык шарттарды аткарып, жакынкы күндөрдө акча каражатын которууга даяр экенин билдирген. Ал Орусияда бир нече ишканага ээлик кылат.

Шарттар боюнча компанияны сатып алууну каалагандар акциялардын 100 пайыз пакети үчүн 13,5 миллиард сомдон аз эмес акча каражатын төлөшү керек. Ошондой эле ага жалпы сумманын 7 пайызы комиссия катары кошулмак. Сатып алуучу соттук иштерди да өз моюнуна алат.

Белгиленген аукциондор өткөрүлбөй калганы үчүн MegaСom түз сатык аркылуу сатылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
elkeev
2017-09-26 16:20:21
Baaryn satyp, jep jutup tyngyla!!! Teship chygat bir kyny!!!
+5
Adil706070
2017-09-26 16:55:15
Олкодо мамлекеттик эч бир ишкана калбайт окшойт,баарын жеке ишкерлерге,инвесторлорго сатып.эртен алар каалагандай баасын койуп элди кыйнаганда эмне кылат экенсинер.
+5
keba300989
2017-09-26 17:03:28
Adil706070, Алар кылатурганын кылып атат биз эмне кылабыз и ошол чондорду биз азыр кылып койгондо бундайлар болбойт беле.
+2
Atas
2017-09-26 17:19:59
Megacom koldonboi koigula satylsa
+3
Atas
2017-09-26 17:24:58
Satylsa albette jany kojoiundar kliennterdin bashyn ailantyp aksia dedidrtip kondurup koiot
0
SHERBOLAT
2017-09-26 17:36:55
Шайлоо буткончо коетурса болмок.бальким жаны президен сатпайбыз деп чыгар
+2
Arlenchik
2017-09-26 17:44:36
Иштете албасанар сатбайле мамлекеттин балансына коюп койгула да, саткан мн акчасы жеп жутарлардын сол чонтогуно кетет да, сатып талап тоноп бутушмой болдуго бул тойбос жеп жутарлар.
+1
nur_zhoni
2017-09-26 22:00:00
Аша кеткиче сатып жок кылат экенда эми
+2
Kemel29101981
2017-09-27 00:44:07
Тураа эмес саясаттан улам бюджет танкыстыгы пайда болгон. Эми ушуга окшогон мамлекеттик ишканаларды сатып ордун толтурушат. Кыскасы мамлекет банкрот.
0
nurbekasr
2017-09-27 05:13:57
Өлүп талып срогу бүткүчө сатып жиберип,миллиарддын арасынан өзүнө тиешелүү миллиондорун алып калмакта да бул бетижоктор.Ылайым ичиңерди тешип чыкса экен,баарын сатып бүттүңөр акмактар.
0
aidartegin
2017-09-27 09:10:11
Сааат... дагы сааат.. Ар биринер Улууттун байлыгын сатып атынарды..... Каргыш, кара тамгалар менен калтыргыла... Акай. Кытайга жер сатса..Бакий казака жер сатып , эми Бул оруска Улуттун байлыгын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан