Сары-Челекте 4 күндөн бери дайынсыз болгон кыз изделип жатат. Анын шериги жаракат алып ооруканага жеткирилген. Аталган айылдын жашоочусу Рысбек Ормоналиев аскадан кулап жабыркаган израилдик туристти 24-сентябрда тапкан. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына айтып берди.
"Туристтер Сары-Челекте жашагандардын үйүнө түнөп жүрүшүптүр. Кийин Сары-Челек көлүнөн алыс эмес жерде жайгашкан Кара-Суу өрөөнүндөгү Кара-Камыш көлүнө барышкан экен. Ал жакта 3 күн түнөп анан кайра ортодогу ашууну ашып Сары-Челек коругуна келе жатышып, жолдон адашып кетишиптир. 24 жаштагы турист жигит жоголгон шеригин "күтүп тур мен жол карап келем" деп жол издеп жүрүп аскадан кулап, бутун сындырып эс-учун жоготуп койгон. Эсине келип шеригин издеп тапкан эмес. Ошол учурда ал франциялык туристтерге жолугуп алар менен бирге кызды издей башташкан. Ал жакта телефон тартпагандыктан бир канча убакыттан кийин гана спутник аркылуу Израилге байланышыптыр. Алар Бишкекке кабар беришкен экен. Мен да туристтер менен иштешкендиктен 24-сентябрь күнү саат 18:00дөр чамасында Бишкектен байланышка чыгышып, сиз таап келиңиз деп суранышты. Биз 2 унаа менен көлгө барып, аларды издеп таптык. Бирок жоголгон туристти караңгы киргенче издеп таппагандыктан, жабыркаган туристти түн кирейин деп калганда үйгө алып келдим. Эртеси аны ооруканага көрсөтүп, анан башкалар чуу түшүп ӨКМ менен милициядан бизге кайрыла башташты", - дейт Рысбек Ормоналиев.
Андан сырткары ал азыр да жоголгон турист кызды издөө иштери жүрүп жатканын, жабыркаган турист да шеригин издешип тоодо жүргөнүн айтты.
Эскерте кетсек, буга чейин Сары-Челек коругунда израилдик 22 жаштагы Хилла Ливне аттуу кыз 4 күн мурун дайынсыз жоголуп изделип жаткан.