Бишкек шаарынын мэри: "Жол кире 12 сом болушу мүмкүн. Коомдук транспорт чыгымын актабай жатат"

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жол кире көтөрүлүшү мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу шаар башчысы "Жагымдуу шарттар шаары" аталыштагы 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында өткөн конференцияда билдирди.

"Шаардагы жол тыгындарды азайтуу үчүн программанын негизинде коомдук транспортту көбөйтүү каралган. Азыркы тапта коомдук транспорт өз чыгымын актабай жатат, бул маселени чечүү максатында жол акыны 12 сомго чейин кымбаттатуу каралган. Муну менен бирге атайын категориядагы жарандарга жеңилдиктер болмокчу, алар бекер жүрө алышат", - деп билдирди мэр.

Мындан сырткары калаа башчысы маселени ал гана чечпестигин жана бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын талкуусуна коюларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Tolkun555
2017-09-27 16:56:48
Эч ким чыкпайт.Азыр эл өзү менен өзү.чыкса Садыр Жапаровду коргоп чыгат эле да.митингден эл тажады.пайдасы жок.
+4
ady-88
2017-09-27 17:06:20
Менин оюмча туура эле. Азыр бут баары эле кымбаттап жатат. Айдоочулар озунун жеке унаасы менен маршруткада иштегенде саат 6дан 23.00чейин иштегенде аран эле 1500 2000сом болот экен.
-10
Truelensk
2017-09-27 19:49:04
ady-88,6дан тунку 11ге чейин айдаса,уктап эле жатышат час пикти кутуп.сиз айткандай айдаса коп эле табат.
0
Asman...
2017-09-27 17:10:16
Уятынар да жок силердин. (Силерде уян не кылсын) Жеп тойбой жатабыз десенер. Кыргызга куйгон,элим жерим деген бироо келсе экен аттин АЖОЛУККА.
+9
Azat.97
2017-09-27 17:22:03
Эмне дешти билбейм...
+1
Aiman0303
2017-09-27 17:23:35
Shailoodo bergen ubadanar kana? Kaisyl bir partiya shailoodon otup kalsak jol kirenin beker kylabyz dep soz berdi elego. Oshol partiya otkon bilishimche. Kana bergen ubadanar, sozunordo turalbagandan kiin ubada berbei ele koiboisunarby.
+1
Aiman0303
2017-09-27 17:25:53
Kyrgyzstanybyz kachan onolot eken, aldai berip tajabadynarby
+1
bekov01
2017-09-27 17:49:18
Бийликти туп тамыры менен алмаштырбаса болбой калды
+7
Assist
2017-09-27 17:55:32
СДПК дегендер ойлонгула жакшылап,булар бугун 12 сом кылса 15 октябрдан кийин 20 сомго которулсо мен тан калбайм буларга
+7
Arlenchik
2017-09-27 18:26:45
Жеп жутарлар кымбаттаткандан, жеп ичкенден башка озу эмне билесинер?! кылган ишинер жок элди соргондон башканы билбейсинер, ошондон коро ордунарды бошотуп эле кетип калгылачы, антип болгон нерсени кымбаттатып иштебейле койгула, канчалык которгон мн силердин сол чонтогунорго кетет баары бир.
+6
narbek
2017-09-27 18:56:21
Баштадыбы акырыын жол киреден. Озу чече албайтко чамасы депутат дегенине караганда же ошошлорго шылтаб атабы
0
Alixan-Nookat.2015
2017-09-27 19:06:30
Жагымдуу шарттар шаары эмес жагымсыз шарттар шаары болотго анда жол кире кымбаттаса. Эгерде маршруттук таксиде канча отургуч болсо ошончо адам отурса актабай калмак а бизде маршрутка резинкабы деп ойлойсун отургуза берет эшик жабылбай калганга чейин.
+7
KIRA.
2017-09-27 22:41:17
студенттерди,окуучуларды ойлогула,алардын контрагы деген бар,ата-эне малын сатып эптеп к
окутуп жатат,пересадка кылса кунуно 2 жолу канча кетет айланайын ойлогулачы элди асмандан жааган акча жок
+5
vavilon.
2017-09-28 00:39:30
Которгону туура эле. Казакстан мн Россияда 20сомдон 50сомго чейин чон шаарларында. Бензин баасы дээрлик РФ КЗ КГда бирдей эле 4-5сом айырманы айтпаганда. Бишкек да чон шаар, 12сом мн жетчуу жерге жеткен жаманбы
-4
nelya88
2017-09-28 08:12:36
vavilon.,бензин бирдей болгону менен, алардын айлыгы жогору болуп жатпайбы
+1
sirenaaaaa
2017-09-28 05:59:12
Жакындан бери менин жолдошум иштеп жатат. Путевка деп 1айга уруксат кагазы 6300сом, анан патент, кунуго 1000сом аренда, кееде донголок алат, колодка которот бат баттан . Байкуш мына азыр да жумушка кетти 5:30да туруп эми туну 11ден откондо келет. Ортодо болгону 5саат уктайт. Мен кунуго ичин тазалап жууп берип турам. Айланайын кееси мусорун отурган жерине таштап тушуп кетет. 10сом бергенин милдет кылышат. Спринтерди болбогон эле кичинекей запчасы бузулуп калса 1000сом ашык турат.
0
Stervamyn
2017-09-28 07:57:58
Макул 12 сом кылышсын и ошого жараша айлыкты да которсун.Кээде жолкиреге 10 сом эмес,карайлап 1 сом да таппай каласын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан