Ырчы Кызсайкал үлпөт тоюнда өзгөчө стилдеги көйнөк кийип чыкты. Жаш жубайларга Ильяз Абдыразаков менен жубайы өкүл ата, өкүл апа болушту (фото)

Белгилүү куудул, машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин көкүрөк күчүгү, ырчы Кызсайкал Бөрүбаева кечээ, 28-сентябрда үлпөт көйнөгүн кийди. Жолдошу Эрнис Айдаралиев экөө никесин мыйзамдаштырып, үйлөнүү тоюн белгилешти.

Көңүлдү көтөргөн кызыктуу оюн-шаңга бай үлпөт той борбор калаадагы ресторандардын биринде орун алып, эстрада ырчысы Назми "Жар-жар" ырынын коштоосунда эки жашты эл алдына алып келүүсү менен башталды.

Турмуштагы түрдүү кырдаалда ар дайым туура жол көрсөтүп, жардамын аябоого даяр экендигин билдирген ырчы Ильяз Абдыразаков жана жубайы Медина өкүл ата, өкүл апа катары чакырылган.

Ырчы Мажиттин аткаруусундагы ыр карындашы Кызсайкалды ыйлатып келген меймандарды ойго салды. Турмушка чыккандан кийин дин жолуна түшкөн ырчы өзгөчө стилдеги көйнөктү тандаган.

Тойго кадырлуу мейман катары келген белгилүү куудулдар Күмөндөр Абылов, Рахман Разыков, Тынар Курбаналиев, ырчылар Расул Маматкулов, Алтынай Нарбаева, Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Анжелика жана башка маданият ишмерлери жаш түгөйлөргө каалоо-тилектерин айтып, ыр белектерин тартуулашты.

Мындан сырткары ошол эле күнү Түркмөнстандын Ашхабад шаарынан кайтып келген Кабыл Бөрүбаев машыктырган күрөш боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарынын чемпиондору, белгилүү бильярдчы Каныбек Сагынбаев келип баш кошкон жубайларды куттукташты.

Эске салсак, Эрнис менен Кызсайкал ушул жылдын июль айында баш кошушкан. Турмушка чыккан соң ырчы чыгармачылыгын токтоторун айткан.

Турмушка чыккан Кызсайкал Кабылова: “10го чейин деле уктай берем“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Bahiyana
2017-09-29 17:28:20
Бактылуу болунуз..
+4
Djal1987
2017-09-29 17:41:43
Ажырашпай жашагыла.
+5
Snejana
2017-09-29 17:43:03
Куйоо бала красавчик экен.
+14
JaneEr
2017-09-29 19:48:09
Койногу жакты жабык экен башкаларга окшоп жарым жыланач болбой ыймандуу кийиниптир.Бактылуу болушсун.Балким келин эми жоолук ороноттур намаз окуп буйруса...
+8
nargiz-sa
2017-09-29 20:04:34
Куйоо бала клиптеги балабы?
0
Suzak12
2017-09-29 20:16:28
Иляздын аялы ото сулуу болуп кеткенби
+2
tasnim
2017-09-29 20:55:14
Suzak12,оа мен да ошону карап отурам,жакшынакай татынашка болуп калыптыр☺
+3
Firdaus-Muslim
2017-09-29 20:33:38
Эрнест Бөрүбаев көрүнбөйтго агасы эмеспи?
+6
dastan.bujun
2017-09-29 21:48:10
Озгочо эмес хиджап койнок окшойт
+4
aruuzatmeka
2017-09-29 22:07:51
Бул клиптерге тартылган балаго бактылуу болсун
0
tatynakaika
2017-09-29 22:48:19
Бири-бирине жарашкан таттуу тугойлор!))) Кандай гана бактылуулар) Коз тийбесин. Бактылуу болунуздар!)) Баарыбызга ушундай кун насип этсин
+2
AKCAHAT
2017-09-30 01:08:22
Озгочо десе эми бир башка нерсени элестетип кетипмин, шлейфи 10м би же фатасына алмаз тошолгонго деп, катардагы эле хиджаб койнок экенго. Бактылуу болушсун
+4
jon.as
2017-09-30 04:17:25
Эки жаш бактылуу болушсун! Ата энесин сыйлаган ыймандуу жаштардан болсун! Кармашкан колдору эчкачан ажырабасын.
0
nur8777
2017-09-30 15:20:47
Мажит соонун ырдаптыр. Ар бирибиздин агаларыбыз, ошентип коколотуп,сыйлап журушсун
+2
nur72
2017-10-01 02:44:43
бактылуу болгула коп балалуу болгула
0
Nora
2017-10-01 06:27:16
kyz jigittin janynda uluu korunot eken
, batyluu jashtardan bolup juro berishsin!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан