Бүгүн, 1-октябрга караган түнү саат 3:00 чамаларында Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата-Балыкчы жолунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, ичинде бараткан 4 адам каза болгон. "Тез жардам" унаасы кош бойлуу аялды төрөт үйүнө алып баратканда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа артынан сүзүп, дарыгерлердин унаасы оодарылып кеткен.
Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун SUPER.KG'ге билдиргенине караганда, Мерседес-Бенц унаасын 23 жаштагы кыз башкарып бараткан. Ал кыз Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги белгилүү болду. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.
Маалым болгондой, аталган жеңил унаанын ичиндеги башка жүргүнчүлөр, бактыга жараша, жабыркаган эмес. Ал эми "Тез жардам" унаасында көз жумган кош бойлуу келин 19 жашта болгон.