"Барселона" менен "Лас-Пальмастын" футболдук беттеши Каталонияда өтүп жаткан баш аламандыкка байланыштуу жылдырылды

"Барселона" футболдук клубунун жетекчилиги Каталонияда өтүп жаткан референдумга байланыштуу чукул кеңешме өткөрүп, "Лас-Пальмас" клубу менен Испания чемпиондугунун алкагында болчу беттешин башка күнгө жылдыруу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Оюн бүгүн, 1-октябрда орун алмак.

Маалыматка ылайык, буга чейин болгон клубдун жетекчилигинин кеңешинде беттешти башка күнгө жылдырууну четке кагышкан. Бирок бүгүн, 1-октябрда референдум өтүп жаткан учурда полиция кызматкерлери менен референдумга катышып жаткан адамдардын ортосунда массалык кагылышуулар орун алып, абал өзгөргөндүктөн клубдун жетекчилиги бул маселени кароого мажбур болуп беттешти башка күнгө жылдырышты.

Ошондой эле аталган маалыматта, эгер беттеш башка убакка жылдырыла турган болсо абалды бирге көзөмөлдөө үчүн алдын ала Ла Лиганын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргөнү да айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aksuu_aduk
2017-10-01 20:14:28
Оюн болот бирок куйормандарсыз
+1
Isco23
2017-10-01 21:03:26
Оюн болтат,чукул жыйын откоруп ЛАЛИГА башка кунгожылдырганга уруксат бербегенинен кайра болтат,куйормандарсыз суууууз оюн болтат
-2
Nurbag
2017-10-01 22:19:49
Barca супкр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан