Журналист Кабай Карабековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн саат 15:00гө суракка чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Карабеков билдиргендей, аны суракка чакырууга орусиялык “КоммерсантЪ” гезитине чыккан материалы болгон. Анда ал Кыргыз мамлекетинин атайын кызматы президенттик шайлоого аралашып жатканы боюнча жазган. Мындан тышкары макалада Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канат Исаевдин камакка алынышы боюнча сөз болгон.
Айта кетсек, депутат Канат Исаев 30-сентябрда "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча айыпталып кармалган.