Казакстанда медициналык жардам көрсөтүүчү учак кыйрап, 5 адам каза болду. Арасында Кыргыз жараны да бар

Казакстанда медициналык жардам көрсөтүүчү учак кыйрап, 5 адам каза болду. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык 3-октябрь күнү кечинде Алматыга жакын жерде болгон. Анда Алматы-Шымкент багытында абага көтөрүлгөн АН-28 учагы 12 мүнөттөн соң радардан жоголуп кеткен. Кийин учакты күйүп жаткан абалда жерден табышкан.

"Учактын ичинде 3 экипаж мүчөсү жана 2 дарыгер болгон. Алар оор абалдагы жаңы төрөлгөн балага медициналык жардам көрсөтүү үчүн баратышкан", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгондордун арасында Г.Н.Цой аттуу Кыргыз жараны бар экенин жана анын учактын командири болгонун жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuba-savai87
2017-10-04 08:34:45
Жаны жаннатта болсун
+4
madina.87
2017-10-04 08:44:21
Кызыктай дал келуу.
Кечээ эле Колдо тезжардам автоунаасында 5 адам коз жумду эле.айырмасы бул учак экен.
Баарынын бейишин берсин Аллах
+7
Ayida
2017-10-04 10:25:43
Мен дайыма айтып какшап келем! Казакстанда башталган башы мазар аралагандар жана ал жакта коп мазарга барышат. Азыр биздин Кыргызстандыктар да толуп кетти мазарга барып ак сурп жаап ыйлап арбактан колдоо сурап журушот.Мына ушулардын кесепети башкаларга тийип атат кырсык коп болуп десем эч ким ишенбейт!.
+2
MAKALAK
2017-10-04 10:50:46
Ayida,Ишенбейбиз андан жаман иштерди
кылгандар жашап журот бул кырсык илгертен
болуп келген
+2
moskoy
2017-10-04 11:19:33
Ayida,козу ачык болбочу билим алчы айланайын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан