Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Казакстандын Алматы шаарына жакын жерде болгон учак кырсыгынан каза болгондордун экөө Кыргыз жараны.
"Алардын бири экипаждын башчысы 1963-жылы туулган Ц.Г. жана экинчиси 1961-жылы туулган А.Б. аттуу инженер экени аныкталган. Учурда алардын жансыз денелерин мекенине алып келүү маселесин чечүү боюнча иштер жүрүүдө", - деп билдиришти аталган министрликтен.
Айта кетсек, кырсык 3-октябрь күнү кечинде Алматыга жакын жерде болгон. Анда Алматы-Шымкент багытында абага көтөрүлгөн АН-28 учагы 12 мүнөттөн соң радардан жоголуп кеткен. Кийин учакты күйүп жаткан абалда жерден табышкан.
Учактын ичинде 3 экипаж мүчөсү жана 2 дарыгер болгон. Алар оор абалдагы жаңы төрөлгөн балага медициналык жардам көрсөтүү үчүн баратышкан.
Ошондой эле казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгондордун арасында Г.Н.Цой аттуу Кыргыз жараны бар экенин жана ал учактын командири болгонун жазышкан болчу.