Нарында 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан токойчу изделүүдө

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орток айыл аймагында 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан токойчу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орток айыл өкмөтүнүн Жолчубек Абдрасулов аттуу токой чарба кызматкери 3-октябрдан бери дайынсыз болуп, изделип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жоголгон токойчуну издөөгө 16 куткаруучу тартылып, бирок табылган эмес.

Дайынсыз жоголгон адамды издөө иштери бүгүн да улантылат деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
madina.87
2017-10-05 09:33:00
Орустардын дронун сурагыла!
Калп эле ары бери баспай пайдасыздар!

Ал кишинин суукта ахыбалы кантти экен байкуш.табылып калсын батыраак
+9
Batma08
2017-10-05 15:53:53
Орустардын дронун де..
0
Isco22
2017-10-05 10:27:28
Вертолет же дрон жокпу биздин ОКМда же бензин кетеби?
+3
Janusia
2017-10-05 12:10:33
Депутаттардын чыгымын азайтып, ушуга окшогон иштерге жумшашпайбы. Заманбап дрон, вертолёт дегендерди алып.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан