Орусияда поезд эл ташыган автобусту сүзүп, 21 адам каза болду

Орусияда поезд автобусту сүзүп, 21 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Владимир облусунун Петушки районунда болгон. Анда "Покровка" станциясына жакын жерде поезд жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган автобусту сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 21 адам каза болгон.

"Автобустун ичинде 50дөн ашык адам болгон. Темир жолдон өтүп баратып, токтоп калган автобусту түртүү үчүн 30дан ашык адам сыртта жүргөн. Калгандары уктап жатышкан. Сырттагылар аман калып, автобустун ичинде калып калгандар каза болушкан", - деп жазышты орусиялык маалымат агенттиктери.

Алдын ала маалымат боюнча, автобусту Казакстандын эки жараны башкарып бараткан. Ал эми жүргүнчүлөрдүн баары Өзбекстандын жарандары болушкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
orun
2017-10-06 15:01:31
Абдан окунучтуу болгон турбайбы. Дагы деле болсо байкуш мигранттар((
+12
Karban86
2017-10-06 16:08:01
Жаман иш болуптур, бейишин берсин
+4
PROS
2017-10-06 16:18:44
Арты кайырлуу болсун. Жаман иш болуптур.
+3
madina.87
2017-10-06 16:19:05
Ии канча балдар жетим калды,канча тилек максаттар талкаланып поезддин алдында калды.аттин окунучтуу((((((
+2
Dembele84
2017-10-06 16:21:15
Мигарнттар талаалап журуп эле кырылып кала турган болдук го.Россия Казахстан жолдорунда канчасы каза болду,стройкада жана бироонун колунан каза тапканы канча?Кыскасы окунучтуу,ото окунучтуу!!!
+4
sanzhar83
2017-10-06 17:56:22
Ой поезд жолдо токтоп калса уктап жатса деле тургузуп сыртка чыгарып турушпайт беле сыртта жургондор ,автобусту откоргончо.
+1
aizush
2017-10-06 20:11:52
sanzhar83,ошону айтсаз.автобус кара жерге кирсин.ичиндеги адамдарды ойготуп сыртка чыгарса болмок экен....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан