Чаткал районунун 31 жаштагы Жылдыз Төрөбекова аттуу тургуну төрөттөн каза болду. Иниси Султан Төрөбековдун билдиришинче, Жылдыз Төрөбекова 6-сентябрда Ала-Бука райондук ооруканасында операция жолу менен кыз төрөп, андан кийин каза болуп калган.
"Эжем 6-сентябрда Ала-Бука райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө операция жолу менен кыз төрөгөн. Операцияны Мейман Жолдубаева деген дарыгер жасаган. 12-сентябрь күнү ооруканадан УЗИге тартпай туруп апам Зайна Төрөбековага "кызыңыздын ден соолугу жакшы экен" деп жетелеп чыгып берип койгон. Апам дарыгерге ишенип үйгө алып келген.
15-сентябрда эжемдин дене табы көтөрүлүп Чаткал райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө алып барганбыз. Ал жерде акушер-гинеколог Динара Мунарбаева Мейман Жолдубаева менен телефон аркылуу сүйлөшүп анын дайындоосу менен 2 күн дарылаган. Ал жерден абалы өзгөрбөгөн соң 18-сентябрда Ала-Бука райондук ооруканасына алып бардык.
19-сентябрда УЗИ, рентгенге тартышып "жатыны жакшы экен. Ичегиси менен майы оролушуп калыптыр" деп кайрадан Ала-Букадагы оорукананын төрөт бөлүмүнүн бөлүм башчысы менен Мейман Жолдубаева операция жасаган. Алар жатынды алып салышкан. Операциядан кийин эжем заара кыла албай калган. Ал жерде 21-сентябрга чейин жаткан. Биз "Бишкекке же Ошко алып кетели, же дарыгер чакырткыла" десек Мейман Жолдубаева "мен Оштун дайындоосу менен карап жатам" деп туруп алган. Ага каршы болуп туруп алганыбыздан кийин Ошко багыттама жазып жөнөткөн.
Ошко алып барсак облустук ооруканасынын дарыгерлери "мынчалык оор деңгээлге жеткенче кайсы дарыгер кармап отурду?" деп кабыл албай жатып араңдан зорго кабыл алышкан. 22-сентябрда түшкү саат 13:00дө операцияга алышып, үч сааттан кийин чыккан. Дарыгерлер "жатыны жок экен. Табарсыкты, бөйрөктөн келген каналдарды жарып салыптыр, биз колдон келишинче тигип чыктык" дешкен. Эжем кан басымы түшүп кетип ошол күнү кечинде каза болуп калды. Артында 2 уул, 2 кызы калды. Жаңы төрөлгөн наристени учурда жездебиздин апасы карап жатат. Эжемдин өлүмү жакындарына аябай оор болуп жатат", - деди Төрөбеков.
Султан Төрөбеков дарыгерлердин мындай аракетине чара көрүлүшү үчүн Ала-Бука райондук прокуратурага арыз берилгенин кошумчалады.