Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун маалымат жыйыны уланууда. Анда Бабанов 2011-жылы президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевге шайлоодо материалдык колдоо көрсөткөнүн айтты.
"2010-жылы "Республика" партиясын түзүп, шайлоодон утуп чыктык. Алмазбек Атамбаев коалиция түзө албай калганда кол сунуп "өкмөттү сиз башкарышыңыз керек" дегем. 2011-жылы президенттик шайлоого барганда мен дагы колдоо көрсөткөм. Командам менен гана эмес, материалдык жактан да жардам кылгам. 2012-жылы премьер-министрликтен кандай жол менен кеткенимди билесиӊер. Ал бир гана Өмүрбек Текебаевдин чечими болгон эмес. Кийин президент Алмазбек Атамбаев "чоң катачылык кетириптирмин" деп менден кечирим сураган", - деди Бабанов.
Ошондой эле ал атаандашы Сооронбай Жээнбековдун суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин кошумчалады.
"Жээнбековдун суроолоруна жооп берүүгө даярмын. Мен эч кайда качпайм. Кечки саат сегизде шайлоонун жыйынтыгын көрөбүз", - деди Бабанов.
Эскерте кетсек, теледебат учурунда талапкер Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү Бабановдон баштай турганын, ага берчү 25 суроосу бар экенин айткан эле.